Ысык-Көлдө ондон ашуун өлкөнүн пластикалык хирургдары чогулду. Сүрөт

Муса Матеев — дүйнөдөгү бир нече уникалдуу, теңдешсиз ойлоп табуулардын автору.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада профессор Муса Матеевге арналган реконструкциялоо жана пластикалык хирургия боюнча "Муундардын байланышы" деп аталган эл аралык конгресс башталды. Бул туурасында Кыргызстандын Пластикалык хирургия коомдук бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 9-11-август күндөрү "Рух Ордо" маданий борборунда өтүп, пластикалык хирургдардын кеңири чөйрөсү чогулмакчы. Тагыраак айтканда, Япония, Түштүк Корея, Австралия, Испания, Италия, Румыния, Индонезия, Россия, Армения, Казакстан жана Өзбекстандан 140ка жакын адис катышат. Иш-чарада белгилүү хирургдардын презентация жасаары күтүлүүдө.
1 / 3

Чолпон-Атада профессор Муса Матеевге арналган реконструкциялоо жана пластикалык хирургия боюнча "Муундардын байланышы" деп аталган эл аралык конгресс башталды.

2 / 3

Маалыматка ылайык, иш-чара 9-11-август күндөрү "Рух Ордо" маданий борборунда өтүп, пластикалык хирургдардын кеңири чөйрөсү чогулмакчы.

3 / 3

Тагыраак айтканда, Япония, Түштүк Корея, Австралия, Испания, Италия, Румыния, Индонезия, Россия, Армения, Казакстан жана Өзбекстандан 140ка жакын адис катышат.

Профессор Муса Матеев — дүйнөдөгү бир нече уникалдуу, теңдешсиз ойлоп табуулардын автору, анын ичинен пластикалык хирургияда кеңири колдонулуп жаткан flap in flap ыкмасын айтууга болот. Микрохирургдардын эл аралык ассоциацияларынын ардактуу мүчөсү болгон, Европа, Чыгыш Азия жана АКШга лектор катары дайыма чакырылып турган.
Эл аралык конгресс Муса Матеевдин пикирлеш кесиптештерин, көптөгөн дарыгерлерди, илимпоздорду чогултуп, реконструкциялоо жана пластикалык хирургиядагы жаңы ыкмалар камтылган тажрыйбалары менен бөлүшөт. Катышуучуларды кызыктуу илимий программа, алдыңкы эксперттердин баяндамалары жана лекциялары күтөт.
Жыйынтыгында Кыргызстандын Пластикалык хирургия коомдук бирикмеси менен Россиянын Пластикалык, реконструкциялык жана эстетикалык хирургдар коому ортосунда кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлат.
Саламаттык сактоо министрлиги араб инвесторлорунан 25 млн. доллар сурап жатат