Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский: россиялыктарды бир жылга чейин Батышка киргизбеш керек

Зеленский Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциянын жоопкерчилиги Россия калкынын мойнунда деген оюн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү атайын операцияга жооп иретинде бардык россиялыктардын кирүүсүнө бир жылга тыюу салышы керек. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Washington Post гезитине берген маегинде айтты.
Зеленский чек аралардын жабылышын "эң маанилүү санкция" деп эсептейт.
"Россиялыктар философиясын өзгөртмөйүнчө өз дүйнөсүндө жата беришсин. Бул чара өлкөдөн чыгып кеткен орус жарандарына да жайылтылышы керек. Алар кандай болгон күндө да Россияга кетип, ошол жакта жашашы керек", — деп эсептейт саясатчы.
Зеленский Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциянын жоопкерчилиги Россия калкынын мойнунда деген оюн айтты.
Ага Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев өзүнүн Telegram каналы аркылуу жооп берди.
"Украинанын башкы маскарапозу Россиянын калкын жоопкерчиликке тартууну каалап жатат. Акыркы жолу бүткүл элге каршы мындай идеяларды Адольф Гитлер ишке ашырууга аракет кылган. Украин өкмөтүнүн табияты боюнча дагы суроолор барбы?" — деди Медведев.
Ал арада The Washington Post гезитинин айрым окурмандары Зеленскийди анын чакырыгынан кийин сынга алышты. Саясатчыга "куудул кейпин кийген диктаторлордун коррупционер жана алдамчы падышасы", "кожоюндарынын талабы менен ар кайсы тарапты көздөй чуркаган куурчак" деген лакап ат коюп, "акылынан ажыраган" деп жазышты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада Батыш Киевди Россия менен эпке келүүгө түртмөлөй турганы айтылды