"Танк биатлону — 2022" сынагына катыша тургандар чүчү кулак кармашты

"АрМИ-2022" оюндарынын алкагындагы мелдеш 13-27-август аралыгында "Алабино" полигонунда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Москвадагы эл аралык "Танк биатлону — 2022" сынагына катыша тургандар чүчү кулак кармашты. Бул туурасында Коргоо министрлиги билдирди.
Билдирмеге караганда, чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы жашыл түстүү гильзаны алып, Россия, Кытай жана Беларустун командалары менен бир тайпага түштү.
Ата мекендик команда жарышка 14-августта чыгат.
"АрМИ-2022" оюндарынын алкагындагы мелдеш 13-27-август аралыгында "Алабино" полигонунда өтөт. Турнирде Кыргызстандын атынан төрт экипаж чыгат.
Москвага барган кыргыз танкачылары мелдешке даярдыкты баштады. Сүрөт