Кайгы-капа чындап эле жүрөктү оорутабы? Адистин түшүндүрмөсү

Психолог кандай гана кырдаал болбосун жеңилирээк кабыл алууга аракет кылып ден соолукту сактоого чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Стресс жүрөк-кан тамыр системасына кандай таасир этет? РИА Новости агенттигинин суроосуна психолог, психосоматика боюнча адис Анастасия Юдаева жооп берди.
Адистин айтымында, стресстин эки түрү бар. Алардын бири гана жүрөктүн ишине таасир эте алат. Биринчиси — курч стресс. Адам шок абалына кептелип, бирок кыска убакытка эле капаланат. Андан кийин организм калыбына келип, жашоосу кадимки нукта улана берет.
"Экинчиси — өнөкөт стресс. Узакка созулган стресс чындап эле организмди акырындык менен кыйроого алып келет. Тагыраагы, стресс учурунда бөлүнүп чыгып турган гормон канды коюулантат. Ошол эле учурда кан тамырлар ичкерип, ансыз да коюлуп турган канды жакшы өткөрө албай калат. Жүрөккө катуу күч келип, "эскилиги" жете баштайт. Ушундан улам илгертен катуу капаланган адамга карата "жүрөгү көтөрө албай", "жүрөгү зырп этип" деген сөздөр колдонулуп калса керек", — деди Юдаева.
Андыктан адис кандай гана кырдаал болбосун жеңилирээк кабыл алууга аракет кылып ден соолукту сактоого чакырат.
Ошондой эле ал идеалдуу жашоого аракет кылган перфекционист адамдардын арасында жүрөк ооруларына кабылгандар көп экенин кошумчалады.
Кандай адамдар стресстен оолак болот? Адистин жообу