Ошто таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 250 млн. сомдук тендер жарыяланды

Диаметри 1000 миллиметр болгон 2,4 чакырым суу линиясын тартуу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ош шаарынын тургундарын таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу үчүн 250 миллион сомдук объектилерди курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Ош шаарынын тургундарын таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу үчүн 250 миллион сомдук объектилерди курууга тендер жарыяланды

2 / 3

Долбоордун негизги максаты — нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын мезгилинде калаа тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу

3 / 3

Долбоордун алкагында диаметри 1000 миллиметр болгон 2,4 чакырым суу линиясын тартуу пландалууда

Долбоордун негизги максаты — нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын мезгилинде калаа тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу.
“Бул жерде иш эки этапка бөлүнгөнүн белгилей кетүү керек. Тендерде баарынан да курулуш компаниялардын техникалык базасынын күчтүүлүгүнө жана тажрыйбасына көңүл бурушат. Экинчи этап иштин баасы. Катышуучуларды калыс жана объективдүү тандоого тыкыр көзөмөл болот”, — деди мэр Алмаз Мамбетов.
Долбоордун алкагында диаметри 1000 миллиметр болгон 2,4 чакырым суу линиясын тартуу пландалууда. Ал үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 250 миллион сом каралган. Курулуштун мөөнөтү 2 жыл. Натыйжада жарандарды таза суу менен камсыздоо маселеси 70-80 пайызга чечилет.
Ош шаарында 300 миңден ашуун суу колдонуучу расмий катталган. Калаа тургундарына таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Катуу жамгыр жааганда дарыя ылайланып, элге суу берүү кээде эки-үч күнгө токтоп калат. Бул — шаардыктардын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири.
Депутат Өмүрзаков Ошто тендер талаштан улам таза суу чыкпай жатат деп шектенди