Радио

Нурдинова: органикалык айыл чарба өндүрүшү мыйзамына өзгөртүү кирет

Органикалык айыл чарба департаментинин биотехнологияларды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Жыпаркүл Нурдинова органикалык продукция үчүн сертификат берүүнү мыйзамдаштыруу керектигин айтты.
Sputnik
Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы даярдалып, биокаражаттарды жана органикалык жер семирткичтерди каттоо сыяктуу багыттар каралат. Бул тууралуу Жыпаркүл Нурдинова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзамдын жаңы редакциясында айыл чарбага керектелүүчү биологиялык каражаттардын тизмеси бекитилип, дыйкандарга колдонуунун эрежелери менен тааныштырууга, багыт берүүгө мүмкүн болот.
"Органикалык айыл чарба аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгуу — Кыргызстанда артыкчылыктуу багыттардын бири. Бизде көбүнесе таза продукция өндүрүлгөндүктөн органикалык принциптерди, эрежелерди сактап, жакшы деңгээлге чыксак болот. Албетте, бул көп убакытты талап кылат. Демек, органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө салым кошкон дыйкан, ишкерлерди колдоо керек. Тиешелүү укуктук-ченемдик актыларды тууралоо зарыл. Быйыл органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы даярдалып, биокаражаттарды жана органикалык жер семирткичтерди каттоо сыяктуу багыттар каралат. Органикалык продукция үчүн сертификат берүүнү мыйзамдаштыруу жагы да жазылат", — деди Нурдинова.
Ошондой эле адис органикалык өндүрүштүн улуттук стандарты иштелип чыгып сактоо, экспорттоо, логистикага байланышкан маселелер жөнгө салынганын кошумчалады.