Суучулдар Ысык-Көлгө чөккөн 4 жашар кызды издеп жатып кишинин сөөгүн таап алды

Көлдүн түбүнөн табылган киши 5-августтан бери дайынсыз болуп изделип жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Суучулдар Ысык-Көлгө чөккөн төрт жаштагы кызды издеп жатып, эркек кишинин сөөгүн таап алышты. Бул тууралуу Балыкчы ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бүгүн саат 12:45 чамасында ӨКМдин кызматкерлери Тоң райондук ИИБге чалып, көлгө чөккөн төрт жаштагы кызды издөө учурунда белгисиз адамдын сөөгү табылганы тууралуу кабарлаган.
Суучулдар Ысык-Көлгө чөккөн төрт жаштагы кызды издеп жатып, эркек кишинин сөөгүн таап алышты.
Маалым болгондой, эркек кишинин сөөгү суучулдар тарабынан Ак-Өлөң айылынын тушунда көлдүн түбүнөн табылган.
Аталган факт райондук милициянын электрондук журналына катталган.
"Текшерүү учурунда сууга чөккөн адамдын өздүгү аныкталган. Ал 27 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну болуп чыкты. 5-августтан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал эпилепсия менен жабыркачу", — деп айтылат маалыматта.
Соттук медициналык-экспертиза дайындалып, тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатканы кошумачаланды.
Эске салсак, Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кыз 23 күндөн бери табыла элек. Ал үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда саат 15:00дөр чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен. Кыздын атасынын айтымында, бөбөк апасы менен сууда матрас баллондо калкып жүргөн маалда катуу шамал башталып, толкун болгон. Ата-энеси алеки заматта кызын таппай калышкан.
Ыктыярчылар көлгө чөккөн 4 жашар кызды издеп жатып адам сөөктөрүн табышты. Сүрөт