Таштанды көйгөйү: "Комтранском" ишканасы 78 миң сом айыпка жыгылды

Ишкананын жетекчилиги мыйзам бузууну мойнуна албай жаткандыктан, иш акыркы чечим чыгаруу үчүн административдик комиссияга өткөрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы "Комтранском" ЖЧКсына 78 миң сом айып салуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, инспекция санитардык эрежелердин сакталышына жана жеке ишканалардын таштандыларын өз убагында ташып чыгуусуна көзөмөлдү күчөттү.
"Октябрь районун тейлеген "Комтранском" ЖЧКсына "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренесине ылайык 78 миң сом айып салынды. Анткени текшерүү учурунда инспекторлор тарабынан таштанды үйүлгөн алты жер катталды. Жогорудагы фактылар боюнча протоколдор түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Мэриянын маалыматына караганда, ишкананын жетекчилиги мыйзам бузууну мойнуна албай жаткандыктан, иш акыркы чечим чыгаруу үчүн административдик комиссияга өткөрүлдү.
Октябрь районунда үйүлгөн таштанды. Мэрия себебин түшүндүрдү