БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Батыш Европа өлкөлөрүндө болуп көрбөгөндөй ысыктан улам кургакчылык өкүм сүрүп, кооптуулуктун көрсөткүчү кызыл сызыкка жетти.
РИА Новости агенттигине FoodNet улуттук технологиялык демилгенин жумушчу тобунун жетекчиси Михаил Чарныйдын айтканына караганда, бул нерсе зайтун майы, күн карама, жүгөрү сыяктуу маанилүү азык-түлүктүн түшүмдүүлүгүнө кесепетин тийгизет. Мисалы, зайтун майынын запасы дүйнө жүзү боюнча 11 пайызга азайып кетиши мүмкүн.
"Ансыз да өсүмдүк майына суроо-талап көп болуп турганда бул нерсе өтө кооптуу. Мындан ары Россиянын суу майына май түрүндө дагы, үрөн түрүндө дагы көптөрдүн күнү түшөт", — деди адис.
Германиялык ЖМКлардын жазганына караганда, өлкөдө жакынкы арада жамгыр жаабаса талаалар менен токойлор гана эмес, бүтүндөй экономика "куурап" калуу алдында турат.
Ал эми Пул №3 Telegram каналы Германия, Франция, Италия жана Улуу Британиядагы соолуп калган дарыялардын сүрөттөрүн жарыялады.
Анда айтылгандай, синоптиктер Рейн дарыясында жүк ташуулар толугу менен токтотулат деп кооптонуп жатышат. Аймакта күндүн ысыгы 40 градуска чейин жетип жатат.