Байдендин тик учактан түшүп пиджагын кие албай жүдөгөн видеосу тарады

Байденге жубайы жардам берип жатып кийимин кийгизген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. C-Span телеканалы АКШ президенти Жо Байден Кентукки штатына иш сапары менен барган учурда костюмун кие албай жүдөп жаткан учурун видеого тартып алган.
Кадрдан тик учактан түшүп жаткан Америка лидери пиджагынын жеңине сол колун сала албай убара болуп жатканын көрүүгө болот. Ага жубайы жардам берип жатып кийгизген. Андан соң эми басайын деп жатканда күндөн коргоочу көз айнеги жерге түшүп кетти.
Байден эки жума мурун коронавирус жуктуруп, кайра айыккан, бирок кайрадан тест илдеттен арыла электигин көрсөткөн. Ал обочолонуп, Ак үйдүн ичинде иштеп жаткан. Жекшембиде эки күн катары менен тест коронавирус жок экенин көрсөткөндөн кийин дарыгерлер салттык режимде иштөөгө уруксат берген.
АКШлык журналист Байдендин башкы кемчилигин айтты