Боомдо ылай кечип жол кыймылын жөнгө салган инспектор сыйланды

Тизесине чейин ылай болуп каттамды тескеп жаткан инспектор көпчүлүктүн алкоосуна татыган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Боом капчыгайында сел жүргөн убакта ылай кечип жол кыймылын жөнгө салган инспектор энчилүү саат менен сыйланды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 5-август күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 135-136-чакырымында сел жүргөн. Натыйжада жолдун эки тарабы тең тосулган. Окуяга күбө болгондор буту тизесине чейин ылай болуп кызматын өтөп жаткан кайгуул кызматкерин видеого тартып, ыраазычылык билдирип, социалдык тармактарга бөлүшүшкөн.
Бүгүн, 9-августта, Чүй облустук ЖКККБнын жетекчилиги Жалилдин Бейшенбаевге ыраазычылык билдирип, энчилүү саат тапшырды.
Өрт чыккан үйдөн эне-баланын өмүрүн сактап калган милиционер сыйланды