"Жетим-Тоо кени инвестор үчүн айкын эмес кен. Пайдалуу же пайдасыз деп корутунду чыгаруу кыйын. Алсак жергиликтүү калктын каршылыгынан тартып кендин экономикалык негиздемесине чейин көйгөй. Анын категориясы "С2" болуп саналат. Башкача айтканда, рудасы болжолдуу эсептелген. Инвестор — каражат салып андан пайда алуу ниети бар компания же кандайдыр топ. Ал болжолдуу эсептер менен каражат салбайт. Аныктоо үчүн изилдөө иштерин жүргүзүү керек, ага каражат зарыл. Мындан тышкары, Жетим-Тоо кениндеги руданы байытуучу фабрика куруу керек. Себеби рудадагы темирдин курамы 30-40 пайыздын тегерегинде. Ал эми норма 60 пайыз болушу шарт. Инфраструктура түзүү керек, ошол жакка жол салып, электр энергия тартуу зарыл. Мунун баары кошумча чыгаша. Дагы бир көйгөй — экология маселеси. Тоо казылып, жол салынып, дарыянын нугу бурулуп калышы ыктымал. Бул ошол жердин экосистемасын бузат, жергиликтүү калк ага макул болбойт. Ал эми руда бойдон ташып кете турган болсо темир жол куруу керек. Чыгашасы көп болгондуктан инвестор мындай кадамга барбайт. Автожол менен ташып кетүү жолу бар. Ал үчүн эң ыңгайлуу вариант Кытай. Чыгым көбөйсө инвестор "дарыяга ГЭС курам, мага бергиле" деген сыяктуу кошумча талаптарды коюшу мүмкүн. Ал эми бул кошумча кооптуулуктарды, атургай геосаясий көйгөйлөрдү жаратып коюшу ыктымал. Ошондуктан бул кенди иштетүүгө өтө аяр мамиле жасоо зарыл. Же бул маселени азырынча такыр эле көтөрбөй турган оң", — деди Адилбек уулу.