Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту

Жапаров ааламдашуу доорунда жана көптөгөн элдер өзүнүн түпкүлүгүн жоготуп алган мезгилде аксакалдар кеңешинин түзүлгөнү өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга Кыргызстандан Медеткан Шеримкулов, Азербайжандан Гасан Азиз оглы Гасанов, Казакстандан Икрам Адырбеков, Түркиядан Бинали Йылдырым, Өзбекстандан Бахтиёр Сайфуллаев, Түркмөнстандан Реджеп Базаров, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Багдад Амреев катышты.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту.

2 / 3

Жолугушууга Кыргызстандан Медеткан Шеримкулов, Азербайжандан Гасан Азиз оглы Гасанов, Казакстандан Икрам Адырбеков, Түркиядан Бинали Йылдырым, Өзбекстандан Бахтиёр Сайфуллаев, Түркмөнстандан Реджеп Базаров, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Багдад Амреев катышты.

3 / 3

Жапаров ааламдашуу доорунда жана көптөгөн элдер өзүнүн түпкүлүгүн жоготуп алган мезгилде аксакалдар кеңешинин түзүлгөнү өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Жапаров ааламдашуу доорунда жана көптөгөн элдер өзүнүн түпкүлүгүн жоготуп алган мезгилде аксакалдар кеңешинин түзүлгөнү өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
"Аксакалдар кеңеши өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жылдарында мамлекет башчылары таянган маанилүү кеңешүүчү органга айланды", — деди президент.
Жапаровдун айтымында, ТМУ аксакалдар кеңеши өзүнүн иш-чараларынын алкагында маанилүү чечимдерди демилгелеген. Мисалы, бул уюмдун символдору — желеги жана логотиби, Түрк дүйнөсүнүн сыйлыгы бекитилди, Түрк дүйнөсүнүн Университеттер союзу түзүлүп, түрк дүйнөсүнүн тарыхы боюнча жаш муундарды тарбиялай турган бирдиктүү окуу китеби даярдалууда.
Өлкө башчы эки айдан кийин Түркияда Кыргызстан демилгелеген IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү пландалып жатканын эске салды. Учурда кыргыз тарап кыргыз маданиятын, турмушун, каада-салтын жана искусствосун жайылтууга басым жасоо менен бул Оюндарга спорт, маданият багыты боюнча да катышууга активдүү даярдык көрүүдө.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү зарылчылыгы тууралуу бир пикирге келишти.
Жапаров жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Түрк мамлекеттеринин аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымды "Данакер" ордени менен сыйлады.

Аксакалдар кеңеши сунуш берүүчү орган болуп саналат жана уюмга мүчө-өлкөлөрдүн кадыр-барктуу жарандарынын (мурдагы премьер-министрлер, министрлер, депутаттар, элчилер) арасынан дайындалган аксакалдарынан турат. Кеңеште Кыргызстандан Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов көрсөтүлгөн.
Кызматташтык бекемдейт. Жапаров араб мамлекеттеринин өкүлү менен сүйлөштү