Талас облусунда күн качан ачылат? Бир аптага карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Талас облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Жума ичинде облустун аймагында абанын температурасы бирдей нормада сакталып, 31 градустан ары көтөрүлбөйт.
8-11-август күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Андан кийин күндүн көзү ачылып 14-августка чейин жамгыр жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Баткенде күн салкындайбы? 14-августка чейинки аба ырайы