Садыр Жапаров "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" мыйзамга кол койду

Кыргызстандын креативдүү өнөр жай ассоциациясынын маалыматы боюнча, өлкө мындай мыйзамды кабыл алган дүйнөдөгү алгачкы мамлекет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" мыйзамга кол койгонун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

"Анын максаты — креативдүү иш менен алектенген ишкерлердин иши үчүн укуктук негиздерди түзүү. Креативдүү индустриялык парктын түзүлүшү бардык чөйрөлөрдө алардын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн, жумуш орундарынын санынын, жогорку кирешелүү продукциянын экспортунун жана салык төлөмдөрүнүн динамикалык өсүшүн гана эмес, креативдүү бизнес ачуу, карьералык өсүү жана инвестициялоону да жогорулатат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын креативдүү өнөр жай ассоциациясынын маалыматы боюнча, өлкө мындай мыйзамды кабыл алган дүйнөдө алгачкы мамлекет.
Садыр Жапаров "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзамга кол койду