Бир жума ичинде Кыргызстанда коронавирустун 895 учуру катталды

Исаев COVID-19 жуктургандардын көбү ооруну жеңил көтөрүп жатканын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 1-августтан 7-августка чейин Кыргызстанда 895 кишинин коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев "Биринчи радионун" эфиринде айткан.
Ал азыркы тапта статистика күн сайын эмес, аптасына бир жолу берилип жатканын эскертти.
Исаевдин айтымында, илдет илештиргендердин ичинен 628и коронавирустун белгилери менен саламаттык сактоо мекемелерине өздөрү кайрылган. Калгандарынан оору чет мамлекетке чыгар алдында ПЦР-тест тапшырган учурда аныкталган.
Бөлүм башчы коронавирус жуктургандардын көбү ооруну жеңил көтөрүп жатканын кошумчалады.
Педиатр: COVID-19га кабылган балдардын когнитивдүү функциялары начарлоодо