Кургак учуктун алгачкы белгилерин кантип билсе болот? Министрликтин эскертүүсү

Эгер жөтөл эки жумадан ашык токтобосо кургак учукка шек саноого негиз бар.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кургак учуктун алгачкы белгилерин аныктоо оңой эмес, себеби ал башында анча байкалбай жүрүп күн өткөн сайын күчөй баштайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эгер адамдын жөтөлү эки жумадан ашык токтобосо, кургак учук жуктурганынын анык белгиси болуп саналат. Жөтөл адамдын салмагын азайтууга алып келет, ар дайым алсырап, түнү тердеп жана ишке жөндөмдүүлүгү жоголот.
Ошондой эле илдетке чалдыккан адам чыйрыгып, бирок дене табы 38 градустан ашпай турганы айтылды.
Кансыроого чейин жеткирет. Дарыгер геморройдун себептерин санады. Видео