Кан-Теңир чокусунда россиялык альпинист кыз каза болду

Каргашалуу окуя 6-августта болду. Альпинист кыз чокунун түндүк тарабынан түшүп келе жатып 5 900 метр бийиктиктен кулап түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Россиялык альпинист Мария Нечаева Кан-Теңир чокусунда каза болду. Бул тууралуу Башкыртстандын Спорттук туризм федерациясынын тоо комиссиясынын коомчулугу "ВКонтакте" баракчасынан кабарлады.
Уфанын альпинисттер тобу Кан-Теңир чокусуна алтынчы категориядагы татаалдык аркылуу чыгышкан. Каргашалуу окуя 6-августта болду. Альпинист кыз чокунун түндүк тарабынан түшүп келе жатып 5 900 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Анын сөөгү 5 600 метр бийиктиктен табылды.
Куткаруучулар жана башка альпинисттер сөөктү тик учак менен Каракол шаарына эвакуациялоо үчүн "Түндүк Эңилчек" базалык лагерине алып түштү.
"Мария тоолорду абдан жакшы көрчү. Анын өлүмү баарыбызга, анын ичинен достору менен санаалаштарына катуу сокку болду. Жакындарына көңүл айтабыз", — деп жазылат маалыматта.
Мария Нечаева альпинизм, аскага чыгуу, скайраннинг менен алектенген. Анын жетишкендиктеринин арасында 7 134 метр бийиктиктеги Ленин чокусун багындыруу дагы бар эле.
Көчкү жүрүп, аскада араң кармалып... Альпинисттин аман калган видеосу