Бишкекке мушкер Хабиб менен блогер Хасбик келди. Сүрөт, видео

Нурмагомедов борбор калаада өтчү аралаш мушташ боюнча турнирдин ардактуу коногу болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкекке таңда UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов келди. Бул туурасында Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын уюштуруучулары маалымдады.
Аны менен кошо Eagle FC лигасынын президенти Шамил Завуров жана командасы, ошондой эле Хасбик каймана аты менен белгилүү россиялык блогер Хасбулла Магомедов келген.
1 / 3

Бишкекке таңда UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов келди

2 / 3

Аны менен кошо Eagle FC лигасынын президенти Шамил Завуров жана командасы, ошондой эле Хасбик каймана аты менен белгилүү россиялык блогер Хасбулла Магомедов келген

3 / 3

Конокторду "Манас" эл аралык аэропортунан EFC 49 турниринин уюштуруу комитети тосуп алды

Конокторду "Манас" эл аралык аэропортунан EFC 49 турниринин уюштуруу комитети тосуп алды.
Хабиб Нурмагомедов аралаш мушташ (ММА) боюнча турнирдин ардактуу коногу болот. Беттеш 10-августта "Бишкек аренада" өтөт, башталышы саат 18:00.
Анда 28 мушкер күч сынашып, кеченин башкы беттешине кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык Расул Магомедов чыгат.
"Көчмөн элимдин салтын улантып жатам". Ат чаап, сууга чөмүлгөн Шевченко. Видео