Бишкекте Nissan Cefiro сүзгөн электр мамысы кулап калды. Видео

Окуя Абдрахманов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Борбор калаада Nissan Cefiro үлгүсүндөгү автоунааны айдап бараткан айдоочу электр мамысын сүзүп, ал кулап калды.
Кырсык шаардын Абдрахманов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал жерден дагы бир жеңил унаанын арт жагы мыйрыйып турганын көрүүгө болот. Азырынча окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат жок.
Машина жолдон ыргып кеткен. Ысык-Көлдөгү жол кырсыктын видеосу