Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Батыштын Украинага көрсөткөн жардамы Россиянын газына төлөгөн акчадан аз

Батыш өнөктөштөрү Киевге 31 миллиард доллар убада кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Батыш Украинага жардамга 11 миллиард доллар бөлдү. Бул Россиянын энергоресурстарына төлөгөн каражатка салыштырмалуу аз. Мындай мүнөздөгү макала FP журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.
Басылма дүйнөлүк экономика боюнча Киль институтунун эсептерин келтирген. Ага ылайык, батыш өнөктөштөрү Киевге 31 миллиард доллар убада кылышкан. Бирок июнь айынын аягы, июлдун башында каржылык колдоо көбөйгөнүнө карабастан, Украинанын бюджетине убада кылынган акчанын үчтөн бир бөлүгү гана түшкөн.
"Бүгүнкү күнү жардам иретинде бөлүнгөн каражаттын көлөмү 11 миллиард долларды түзөт. Бул Россия өзүнүн газы үчүн алган акчадан аз", — деп айтылат маалыматта.
Россиянын аскердик атайын операциясы башталгандан бери Батыш мамлекеттери Украинага курал жеткирүүнү улантууда. Июлда Вашингтон 820 миллион долларга аскердик жардам пакети бөлүнгөнүн кабарлаган.
Москва өз кезегинде Украинага курал-жарак берүү чыр-чатакты токтотпой создуктура турганын бир нече жолу айткан. Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыштын мындай аракеттери орус-украин сүйлөшүүлөрүнө терс таасирин тийгизерин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин аскерлери Донецкидеги оорукананы аткылашты. Видео