Баткенде чек арачы 8 жашар баланы атып алды. Бейтаптын азыркы абалы

Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына маалымат берилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Миң-Өрүк айылына жакын жерде К.Ж. аттуу жоокер 8 жашар баланы атып алды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 7-август күнү, болгон.
"К.Ж. аттуу катардагы жоокер Миң-Өрүк айылынын четинде кызмат өтөп жаткан учурда Куралдуу күчтөрдүн уставынын талаптарын бузуу менен кокустан ок чыгарган. Анын кесепетинен 2014-жылы туулган А.С. аттуу балага ок тийип жаракат алган. Ал дароо Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген", — деди Чек ара кызматы.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 8-август саат 13:00гө карата баланын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына маалымат берилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
УКМК: Өзбекстанга 3,7 млн. сомдук мал айдап кетүүгө аракет кылгандар кармалды