БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Баткендеги чек арачынын куралынан ок жеген баланын окуясы боюнча Башкы прокуратура башкача маалымат берди.
Буга чейин Чек ара кызматы Миң-Өрүк айылына жакын жерде кызмат өтөп жаткан К.Ж. аттуу жоокер 8 жашар баланы кокусунан атып алганын билдирген.
Көзөмөл органдын версиясы боюнча, 7-август күнү саат 19:00дөр чамасында "Миң-Булак" чек ара заставасынын жоокери "Миң-Өрүк" убактылуу чек ара постунун аймагында нөөмөттө турган. Ошол учурда анын жанында 8, 9 жаштагы үч бала келген. Андан соң жоокер алаксып кеткенде 9 жаштагы бала куралды колуна алып атып жиберген. Ок жанында турган 8 жаштагы балага тийген.
"Аталган фактыны Баткен райондук милициясы каттоого алып, тергөөгө чейинки текшерүүнү баштады. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды. Мындан сырткары, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы жоокердин аракеттерин текшерип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги ок баланын өйдө тарабынан кирип, белинен чыгып кеткенин айтты. Маалыматка ылайык, ал Баткен облустук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Жеткинчекке алгачкы операция жасалган, хирургдар диагностикалык операция жасоого камынып жатышат.