Көлдүн Сары-Камышында сел суулары эгин талаасын, унаа жолду каптады. Видео

Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүүгө төрт куткаруучу тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Ысык-Көл районунда бүгүн эртең менен саат 8:40тар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Сары-Камыш айылынын чыгыш тарабында 20 гектар буудай жана беде эгилген талааны каптады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ошондой эле Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 8-чакырымын каптап, бирок каттам жабылган эмес. Сары-Камыш айылынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан бетон шакекче менен курулган эки көпүрөнү ар жеринен жеп жана асма лотокторду кулатып кеткен.
Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүүгө төрт куткаруучу тартылган.
Боомдо сел ташкыны тазаланып, жол эки тараптуу ачылды