Чүй: катуу шамал Мраморный айылында 17 үйдүн чатырын алып, эл жарыксыз калды

Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Аламүдүн районуна караштуу Мраморный айылында катуу шамал 17 үй, эки сарайдын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Аламүдүн районуна караштуу Мраморный айылында катуу шамал 17 үй, эки сарайдын чатырын учуруп кетти.

2 / 3

Билдирмеге караганда, аталган айылда шамалдан бак-дарактар, электр мамычалары жабыркап, жарык үзгүлтүккө учураган.

3 / 3

Табигый кырсык катталган жерге ӨКМдин Аламүдүн райондук бөлүмүнөн алты куткаруучу, айыл өкмөттүн төрт өкүлү жана РЭТ мекемесинен үч бригада тартылган.

Билдирмеге караганда, аталган айылда шамалдан бак-дарак, электр мамычалары жабыркап, жарык үзгүлтүккө учураган.
Табигый кырсык катталган жерге ӨКМдин Аламүдүн райондук бөлүмүнөн алты куткаруучу, айыл өкмөттүн төрт өкүлү жана РЭТ мекемесинен үч бригада тартылган. Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Көлдүн Сары-Камышында сел суулары эгин талаасын, унаа жолду каптады. Видео