Машина жолдон ыргып кеткен. Ысык-Көлдөгү жол кырсыктын видеосу

Катуу ылдамдык менен келе жаткан айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, четтеги үйдүн короосуна ыргып барып токтогон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады, ошондой эле видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.
Кырсыкка Audi үлгүсүндөгү автоунаа кабылганы, ичинде беш киши болгону маалымдалды.
1 / 3

Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында жол кырсыгы катталды

2 / 3

Кырсыкка Audi үлгүсүндөгү автоунаа кабылганы, ичинде беш киши болгону маалымдалды

3 / 3

Болжолдуу маалымат боюнча, бүгүн, 7-августта, эртең мененки саат алтыда катуу ылдамдык менен келе жаткан айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, четтеги үйдүн короосуна ыргып кеткен.

Болжолдуу маалымат боюнча, бүгүн, 7-августта, эртең мененки саат алтыда катуу ылдамдык менен келе жаткан айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, четтеги үйдүн короосуна ыргып кеткен.
"Унаа катуу ылдамдыкта келе жатканын кагылышуу маалында түбү менен жулунуп кеткен электр түркүгү далилдеп турат. Анын бетону соккудан жыйырма метр алыстыкка ыргыган", — деп билдирди журналист.
Жол кырсыктын айынан эки киши олуттуу жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Айдоочу менен калган эки жүргүнчү жеңилирээк жаракат алган.
Кабарчынын айтымында, каргашадан кийин ЖКККББ кызматкерлери унаанын ичинен марихуанага окшош эки пакет алып чыгышкан. Кырсык болгон жерде иштеген укук коргоо кызматкерлери унаанын аркасынан куугун болгонбу деген суроого "жок" деп жооп берген.
Көлдө бус менен жеңил унаа кагышып, эки адам каза таап, 23 киши жабыркады. Видео