Таштанды контейнерин уурдап, талкалап жатса кабарлаңыз. Мэрия номерин жарыялады

Мэрия таштанды тазалоо иштери күчөтүлгөнүн билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардыктардан таштанды контейнерлерин уурдап же талкалап жаткандарды көрсө кабарлап коюуну өтүндү.
Дал ушундай маалыматтарды кабыл алуу үчүн атайын WhatsApp-номери (0703) 40-64-07 иштейт.
Ал арада таштандылар топтолуп, чыгарылбай калганы тууралуу көптөгөн арыздар түшүүдө. Калаа тургундары таштандылар контейнерлерге толуп, калганы жерде чачылып жатканына даттанууда. Өткөн жумада ушунун айынан "Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчысы менен орун басары иштен алынган.
Мэрия таштанды тазалоо иштери күчөтүлгөнүн билдирүүдө. Биринчи май району күнү-түнү, жадагалса дем алыш күндөрү да тазаланып жатканы белгиленди. Бул аймакта тиричилик калдыктарын жеке компания ташып чыгат.
Октябрь районунда дагы тазалоо функциясы жеке тараптарга өткөрүп берилген.
Бишкектеги троллейбустар улуттук стилде кооздолду. Сүрөт