Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Түндүк Македония Украинага 18 жылдан бери уча элек учактарын берди

Македония Киевге 2001-жылы Украинадан сатып алган тик учактарын кайтарып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Түндүк Македония Украинага 18 жылдан бери уча элек учактарын кайтарып бергенин "Ридус" жергиликтүү ЖМКларга таянып жазды.
Кеп 2001-жылы Македония Киевден Улуттук боштондук армиясынын албан жикчилдери менен кагылышуу учурунда сатып алган төрт Су-25 тик учагы тууралуу болуп жатат.
Ал арада Украина президентинин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк Македонияны мисал келтирип, "көп элдер Чоң жыйырмага (G20) караганда кайраттуулугун көрсөтүп жатат" деп билдирген.
Зеленский ЕБди Украинага акчалай жардамды атайын кечеңдетип жатат деп айыптады