Радио

Итибаев: туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду 5 мегадолбоор менен иштеп жатат

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев туризмди өнүктүрүү жана россиялыктарды Кыргызстанга тартуу аракети тууралуу айтты.
Sputnik
Кыргызстандын мурда Советтер Союзуна мүчө мамлекет болгону, өлкөнүн жаратылышы, геосаясий абал орус туристтеринин өлкөгө агылышынын негизги себеби. Бул тууралуу Кайрат Итибаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фонд Кыргызстандын популярдуу туристтик маршруттарында кофе ичип, душка түшүп, гаджеттерди кубаттоого мүмкүнчүлүк берген эс алуу пунктуларын куруу аракетин көрүүдө.
"Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга 1 миллион 300 миңдей турист келген. Албетте, алардын баары эле эс алуу үчүн келген жок. Учурда туристтердин агымынын көбөйгөнү байкалууда. Өзгөчө россиялыктар үчүн санкциялардан улам биздин багыт барган сайын жагымдуу болуп баратат. Биз бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калышыбыз керек. Биздин максат туристтик сезонду узартуу, уюшулган туризмди өнүктүрүү болуп саналат. Уюшулган туризмде эс алуучулар тобу менен санаторий, курорттук мекемелерге келип, ден соолугун чыңдап, бардык кызматтарды колдонот. Ошондо бизнестин ар кайсы түрү бирдей өнүгүп, көбүрөөк каражат калат. Биз көбөйтүү, тартуу жана куруу деген максатты койгонбуз. Бул туристтерди, инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу, алар үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү дегенди билдирет. Учурда беш мегадолбоор менен иштеп жатабыз. Алар санаторий, курорттук объектилерди инвентаризациялоо, Раззаков-Каракол аэропортун эл аралык деңгээлге чыгаруу, Тамга спорттук комплексин куруп, өнүктүрүү жана Оруу-Сай эс алуу зонасын жакшыртуу иштери. Булар өкмөттүн колдоосу менен стратегиялык маанидеги инвестициялык багыттагы долбоорлор. Мунун баарын жалгыз эле фонд башкарып, иштетип кетүүгө шарты, күчү жок. Андыктан жергиликтүү ишкерлер, инвесторлор менен иштешүүгө даярбыз. Биз бир эле ишкерлердин эмес, карапайым кыргызстандыктардын да жардамына муктажбыз. Андыктан Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Кыргызстандагы журналисттер, блогерлер жана бардык саякат сүйүүчүлөр үчүн "Кыргызстан – сүйүктүү өлкөм" сынагын жарыялайт. Кыргызстанды маалымат чөйрөсүндө таанытуу үчүн республиканын тургундары социалдык тармактарда жана ар кандай платформаларда өлкө тууралуу сүрөттөрдү, видеолорду, макалаларды жана жөн гана окуяларды жарыялоосу зарыл. Мунун артында туристтер биздин табиятыбыздын кооздугун билип, Кыргызстанга келүүнү каалагандар дагы көбөйөт", — деди Итибаев.
Ал туристтик потенциалды өнүктүрүүнүн негизи болгон инфраструктураны жакшыртуу маселесин өкмөт активдүү чечип жатканын кошумчалады.