Айрымдары кыскарды. Кыргызстанда канча диний уюм бар?

Өлкөдө диний уюмдар биргелешип дин тутуу, кудайга сыйынуу, диндик агартуу жана ишин улантуучуларды тарбиялоо максатында түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстанда канча диний уюм бар экенин кабарлады. Былтыркы жылдын соңуна карата 3 433 мекеме диний ишмердүүлүк менен алектенген уюм катары каттоодо турган. Мурдагы жылга салыштырмалуу алардын саны өскөн да, кемиген да эмес.
Бирок диндин түрүнө жараша көрсөткүчтөр бир аз өзгөргөн. Мисалы, 2020-жылы ислам дини боюнча иш алып барган уюмдардын саны 3 014 болсо, былтыркы жылдын аягында бул көрсөткүч 3 007ге түшүп калган.
Ал эми христиан динине таандык мекемелер, тескерисинче, көбөйгөн. Тагыраагы, 2020-жылы 405 болсо, бир жылдан кийин 412ге жеткен.
Кыргызстандагы диний уюмдардын саны:
ислам — 3 007;
христиан — 412;
иудаизм — 1;
буддизм — 1;
жаңы диний агымдар жана ишенимдер — 12.
Өлкөдө диний уюмдар биргелешип дин тутуу, кудайга сыйынуу, диндик агартуу жана ишин улантуучуларды тарбиялоо максатында түзүлөт. Алардын катарына диний коомдор, борборлор, диний окуу жайлар, мечиттер, чиркөөлөр, синагогдор, сыйынуу үйлөрү жана монастырлар кирет.
Радио
Теолог: Кудайды таанытпай туруп кыйнап сүйдүрүү мүмкүн эмес