Күйүүчү май, доллар, евро кымбаттады. 7-августка карата маалымат

Sputnik Кыргызстан маал-маалы менен валюта курсу, бензин жана дизелдин, алтын куймаларынын баасы тууралуу маалымат берип турат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Иш күндөрүнө салыштырмалуу доллар жана евронун курсу кымбаттады, ага кошо күйүүчү майдын баасы да өстү.
Жумага салыштырмалуу долларды сатып алуу жана сатуунун орточо курсу 14 тыйынга жогорулады. Евро болсо 34 тыйынга өстү. Рубль менен теңгенин курсу бир аз гана өзгөрдү.
"Бишкек Петролеум" күйүүчү май куюучу жайында АИ-95 бензини 0,5 сомго, дизель 0,6 сомго кымбаттады.
Улуттук банк дем алыш күндөрү алтын куймаларын сатпайт.
Кыргызстандын алтын валюта резерви бир айда 86,9 млн. долларга азайды