Чүй облусунда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Айрым күндөрү гана өткүн өтүп токтойт, катуу жамгыр жаабайт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Чүй облусунда алдыдагы аптада абанын эң жогорку температурасы 33 градустан ашпайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.
8-августта кээ бир райондордо, 9-10-августта көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт.
11-августта кээ бир райондордо өткүн өтсө, 12-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
13-14-августта жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-августта күндүз кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көлдө жаңырган аптада аба ырайы кандай болот