Жогорку билим берүү акысыз болушу зарыл. Акча төлөп окугандардын көбү учурда сабактарга катышпайт. Мындай пикирин Батыркул Баетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жогорку билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн мамлекет болгон күчүн жумшашы керек.
"Азыркы билим берүү системасы мага жакпайт. Мисалы, Германияда чет өлкөдөн келип окугандар үчүн да билим берүү акысыз. Демек, талап, жоопкерчилик да ошого жараша жогору болот. Алсак, бизде окууга акча төлөп келбегендер абдан көп. Алар өз кесибинин мыктысы боло албайт жана тармакты өнүктүрүүгө дарамети жетпейт. Бул жагынан алганда мурунку беш жылдык билим берүү системасы натыйжалуу болгон. Илимди реформалоодо жогорку билим берүү да каралган. Алсак, ЖОЖдорго лицензиялык талаптарды күчөтүү, мамлекеттик окуу жайларды бириктирип, күчтөндүрүү жана 1-2-курста жалпы билим берүү дисциплиналарына англис тилин, IT технологияларын кошуу зарыл", — деди Баетов.
Ошондой эле адис мамлекеттик жогорку окуу жайларда илим изилдөөгө көңүл буруу керектигин кошумчалады.