Ысык-Көлдө сүзүп бараткан 15 спортчу толкунга кабылып, бирөө дайынсыз болууда

Дайыны чыкпай жаткан спортчунун аты-жөнү такталып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө сүзүп бараткан 15 спортчу ири толкунга кабылып, ушу тапта бир спортчу дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта бүгүн, 6-августта, саат 13:00дөр чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышканы айтылат.
"Сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, бир спортчу дайынсыз болууда. Кырсык катталган көл ортосунда издөө иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылды. Учурда спортчунун аты-жөнү такталууда", — деди министрликтен.
Кошумча маалымат берилери айтылды.
Чөккөнүн эч ким байкабай калган. Орто-Токойдо 14 жаштагы кыз көз жумду