Ысык-Көлдө жаңырган аптада аба ырайы кандай болот

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 8-9-10-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда аба ырайы келе жаткан аптада жаан-чачындуу болот деп божомолдонууда. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.
7-августта күндүз жана 8-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
8-августтан тарта 12-августка чейин дагы кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен өткүн өтөрү айтылды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы көпчүлүк учурда секундасына 4-9 метрге жетет. Ал эми 8-9-10-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.
Августта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу