Радио

Салиев: үлүштүк курулуш турак жай көйгөйүн чечүүдө

Отставкадагы судья, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри, ЖИА бизнес ассоциациясынын укуктук кеңешчиси Калыгул Салиев үлүштүк курулуш деген эмне экенин түшүндүрүп берди.
Sputnik
Үлүштүк курулуш жарандарды турак жай менен камсыз кылууга мүмкүндүк түзүүдө. Бул тууралуу Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үлүштүк курулушту ашардын заманбап ыкмасы катары сыпаттоого болот.
"90-жылдары өлкөдө курулуш тармагы токтоп, элди турак жай менен камсыз кылуу деңгээли төмөндөп кеткен. Ош, Бишкектин тегерегинде жаңы конуштардын көбөйүшү буга мисал. Мамлекет элди үй менен камсыздай албай калган соң жер талаш күч алды. Кыргызстан аймагынын 95 пайыздан ашууну тоолор. Жер баарына жете бербейт, андыктан көп кабаттуу үйлөр курулушу шарт. Бул маселе 2005-жылдардан кийин курулуш тармагынын жакшы өнүгүшү менен чечиле баштады. Миграцияга чыккандар тапкан каражатын кыймылсыз мүлк алууга жумшады. Ошол эле учурда курулуш компанияларынын капиталы чектелүү болчу. Эки тарап келишип инвестицияны жарандар салып, курулушту компаниялар жүргүзүүдө. Бул эл аралык тажрыйбада "краудфандинг" делет. Кыргызча айта турган болсок кадимки ашардын заманбап ыкмасы. Башкача айтканда, мигранттар сыртта иштеп тапкан акчасын ай сайын салып турат. Ал эми батирди дароо сатып алууга каражат жетпейт. Бул жерде курулуш компаниясы ошол акчага анын үйүн бүтүрө берет. Ошонун эсебинен турак жай менен камсыздоо көйгөйү акырындан чечилүүдө. Бирок калктын саны өсүп жаткандыктан аталган маселе дагы да актуалдуу", — деди Салиев.
Юрист мамлекет бул маселени өзү чече албагандыктан ушундай кызматташууга шарт түзүп бериши керектигин кошумчалады.