Салык кызматы үй, транспорт жана жер салыгын төлөө керектигин эскертти

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1 000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрда транспорт, турак үй жана жер участогуна салык төлөө мөөнөтү аяктай турганын эске салды.
1-сентябрга чейин кайсы салыктарды төлөө керек?
транспорт үчүн;
турак үй, батирге (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);
үй, короо-жайдын жанындагы жер участокторуна.
Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1 000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып каралган.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болору кошумчаланды.
Быйыл 6 айда ККМ аркылуу соодалашуунун суммасы 351,8 млрд. сомго көбөйдү