Радио

Казаков: өлкөдө алты айда 56 жугуштуу ылаңдын очогу катталды

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын эпизоотиялык анализ жана тобокел бөлүмүнүн башчысы Абай Казаков 2022-жылдын алты айында аткарылган иштер жана өлкөдөгү абал тууралуу айтып берди.
Sputnik
Жыл башынан бери Ветеринардык кызмат эпизоотияга каршы 12 миллион 246 миң 300 баш малды кароодон өткөрдү. Анын ичинен 672 миң 200 баш малга диагностикалык иштер жасалып, 11 миллион 306 миң 300 баш алдын ала эмделип, дегельминтизация 277 миң 800 баш малга жасалды. Бул тууралуу Абай Казаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө аймагында кутурма ылаңынын очогу эң көп аныкталган.
"2022-жылдын алты айында республика боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотияга каршы иш-чаралар 97 пайызга аткарылды. Республиканын аймагында 56 жугуштуу ылаңдын очогу катталып, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 пунктуга аз болду. Жогоруда көрсөтүлгөн пунктуларга карантиндик чектөөлөр коюлуп, инструкцияга ылайык ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлдү. Өтө коркунучтуу делген бодо малдын шарп, кой-эчкилердин күл, кыргын өңдүү ылаңдары катталган жок. Республика боюнча эпизоотиялык абал туруктуу", — деди Казаков.
Ал кутурма, күйдүргү же бруцеллёз оорусун өз алдынча дарылап айыктыруу мүмкүн эместигин эскертип, дароо дарыгерге кайрылуу керектигин кошумчалады.