Кыргыз артиллеристтери Казакстанда өтчү сынакка катышуу үчүн жөнөп кетти. Сүрөт

Жоокерлер буга чейин Балыкчы шаарындагы аскер бөлүктө толук кандуу даярдыктан өтүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы Казакстанда өтүүчү "Артиллериялык оттун чебери — 2022" эл аралык сынагына катышуу үчүн жөнөп кеткенин Генералдык штаб кабарлады.
1 / 2

Кыргызстандык Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы Казакстанда өтүүчү "Артиллериялык оттун чебери — 2022" эл аралык сынагына катышуу үчүн жөнөп кеткенин Генералдык штаб кабарлады

2 / 2

Конкурста Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн артиллеристтери ат салышат. Маалыматта жоокерлер буга чейин Балыкчы шаарындагы аскер бөлүктүн окуу борборунда толук кандуу даярдыктан өтүшкөнү айтылды.

"АрМИ-2022" иш-чарасынын алкагында өтүүчү эл аралык сынак Казакстандын "Гвардейский" полигонунда 6-августтан баштап 23-августка чейин болмокчу.
Москвага барган кыргыз танкачылары мелдешке даярдыкты баштады. Сүрөт