Эки өлкө ЕБдин газга болгон суроо-талапты азайтуу планын колдогон жок

20-июлда Еврокомиссия Европа биримдигинде көгүлтүр отунга суроо-талапты азайтуу боюнча жобону сунуштап, 26-июлда Евробиримдиктин энергетика министрлери бир катар түзөтүүлөргө макул болушту.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн ичинен Венгрия менен Польша уюмдун газга болгон суроо-талапты ыктыярдуу түрдө кыскартуу планына каршы добуш берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Венгрия менен Польшанын делегацияларын кошпогондо газга болгон суроо-талапты азайтуу боюнча макулдашылган чаралар жөнүндө Кеңештин жобосун кабыл алуу үчүн бардык делегациялар макулдугун беришти", — деп айтылат маалыматта.
20-июлда Еврокомиссия Европа биримдигинде көгүлтүр отунга суроо-талапты азайтуу боюнча жобону сунуштап, 26-июлда Евробиримдиктин энергетика министрлери бир катар түзөтүүлөр менен макул болушту. Андан соң 2022-жылдын 1-августунан 2023-жылдын 31-мартына чейин жаратылыш газына болгон суроо-талапты акыркы беш жылдагы орточо газ керектөөсүнө салыштырмалуу 15 пайызга ыктыярдуу түрдө кыскартуу боюнча саясий келишимге жетишилди. Мамлекеттер көгүлтүр отунду үнөмдөөнүн жолун өзү тандап алат.
Евробиримдиктин мамлекеттери, мисалы, газ сактоочу жайларды толтуруу боюнча планын ашыра аткарса, милдеттүү үнөмдөө максатын азайта алышат.
ЖМК: Улуу Британияда электр жарыгы боюнча көйгөйлөр ушул кышта башталышы мүмкүн