Ысык-Көлдө толкунга кабылып, дайынсыз болуп жаткан спортчу аман-эсен табылды

Издөө иштерин жүргүзүүгө сегиз куткаруучу тартылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө толкунга кабылып, дайынсыз болуп жаткан спортчу аман-эсен табылганын ӨКМ кабарлады.
Бүгүн саат 13:00дөр чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай сүзүп чыккан 15 спортчу катуу толкунга кабылып, бирөө табылбай жатканы айтылган.
"Саат 16.30дар чамасында 1974-жылы туулган Е.И.В. аттуу жаран Тору-Айгыр айылынан көлдүн жээгине аман-эсен өзү сүзүп чыккан", — деп айтылат маалыматта.
Издөө иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган болчу.
Дөңгөлөгү жарылган. Көлдөгү үрөй учурган кырсыктан көз жумгандар — казак жарандары