БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жекшембиде Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Ал эми калган облустарда, дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Талас жергесинде +28...+33, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарында +25...+30 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ошто +35...+37 жана Чолпон-Ата шаарында +28...+30 градуска жетет.
Инжект: Ысык-Көлдө жаңырган аптада аба ырайы кандай болот