Мигранттарга пайдалуу маалымат видео менен түшүндүрүлөт. Элчиликтин долбоору

Видеолор элчиликтин сайтына жана социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланып турмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги "Консул маалымдайт" долбоорун ишке киргизгенин кабарлады.
Билдиргеме караганда, долбоордун алкагында элчилик консулдук-укуктук маселелерди, мигранттарга керектүү маалыматтарды видео аркылуу түшүндүрүп берет.
Долбоордун максаты — мекендештерди кызыктырган актуалдуу суроолорго жооп берип, консулдук маселелерди түшүндүрүп берип туруу.
Мындай видеолор элчиликтин сайтына жана социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланып турмакчы.
Россиядан Кыргызстанга кароосуз калган алты бала алып келинди