БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский Евробиримдик Украинага берчү сегиз миллиард евро түрүндөгү макрофинансылык жардамды атайылап кечиктирип жатат деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Евробиримдиктин айрым лидерлерине күн сайын жана ар кандай жолдор менен украиналык пенсионерлер, милиция, мугалимдерибиз жана бюджеттик төлөмдөргө көз каранды болгондор чечкинсиздик же бюрократизмдин барымтасында калбашы керектигин эскертип турам. Украина үчүн бөлүнчү сегиз миллиард евро азырынча кармалып жатат. Макрофинансылык жардамдын кечиктирилиши биздин мамлекет үчүн кылмыш же чоң ката болуп саналат", — деген Зеленский өзүнүн Telegram каналына жарыялаган видеокайрылуусунда.
Ошол эле учурда ал Украинага берилчү жардамды Европанын кайсы мамлекети кармап жатканын так айткан эмес.