Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецкинин Куйбышев районундагы №17 оорукананы аткылашты.
"Учурда сокку урулган жерди түтүн чулгап жатат. Жабыркагандар бар, маалымат такталууда", — деп жазды шаар мэри Алексей Кулемзин Telegram каналына.
Андан соң РИА Новости аткылоонун кесепетинен бир адам каза болуп, төрт киши жаракат алганын жазды. ДЭРдин өрт өчүрүүчүлөрү барып жалынды өчүргөн.
Донецк Эл Республикасынын борбору Куйбышев районун бүгүн, 5-августта, украин аскерлери НАТОнун 155 миллиметр калибриндеги артиллериясын колдонуу менен бир нече ирет аткылашты. Бул тууралуу атышууну токтотуу режимин көзөмөлдөө жана координациялоо режими боюнча бирдиктүү борбордун республикадагы өкүлчүлүгү кабарлаган
Тема боюнча: