БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров судьялар менен жолугушуу учурунда алардын иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесине да токтолуп, соттор жыл аягына чейин жаңы үйлөргө кирип каларын айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы азыркы тапта өлкөнүн 40 районунда 300дөн ашык турак жай курулуп жатканын, бул үйлөрдүн пайдубалы түптөлүп бүткөнүн белгиледи.
"Кудай буйруса, жылдын аягына чейин 40 райондо иштеп жаткан судьялар жаңы үйлөргө кирет. Төрагалары гана эмес, иштеп жаткан судьяларга чейин үй менен камсыз болот", — деген ал.
Президент судьялардын ишинин деңгээлин көтөрүү максатында ушул жылдын август айынан тарта айлык акылары да көтөрүлөрүн белгилеген. Ошондой эле сот аткаруучулар менен сот приставдарын кызматтык автоунаа менен камсыздоо маселеси каралып жатканын кошумчалады.