150 ишти жоготуп жибергендер болгон. Жапаров соттордун ротациясы тууралуу

Жапаров соттордун масштабдуу ротациясы биринчи жолу жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдө эмне үчүн соттордун ротациясы жүрүп жатканын билдирди.
Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, ал Жогорку сотко барганда соттук корпус менен менен жолуккан.
Жапаров соттордун масштабдуу ротациясы биринчи жолу жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
"Ротация – оор процесс. Үй-бүлө менен бир жерден экинчи жерге көчүп барып, жашап, иштеш кыйын. Бирок бул мамлекет, келечек муун үчүн абдан жакшы. Бир эле жерде 10-14 жыл отуруп, иштеп калган соттор бар. 150 ишти жоготуп жиберген соттор болгон, — деди президент.
Ал ошондой эле ротация учурунда аймактардан келген соттор квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алып, тажрыйбалуу соттор аймактардагы иштин сапатын жакшыртарын белгиледи.
"Муну менен 5-10 жылда кесипкөй адистер өсүп чыгат. Берилген маалыматка караганда, судьялардын ротациясынын туура болгонун баамдап, оң жыйынтыктарды бере баштады деп айтууга болот", — деди Жапаров.
Өлкө башчы соттордун айлыгы көтөрүлүп, аларга кызматтык үйлөр салынып жатканын да кошумчалады.
Кызматташтык бекемдейт. Жапаров араб мамлекеттеринин өкүлү менен сүйлөштү