БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров судьялар менен жолугушуу учурунда сот системасындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн судьялардын ишмердүүлүгүн баалаган институт түзүү керектигин белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Сот тутумундагы тергөө судьяларынын ишмердүүлүгүнө нааразы болгондор көп. Алардын милдети — тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун тергөө иштерине көзөмөл жүргүзүп, алардын мыйзамдарды кыйгап өтүп аша чабуусуна жол бербей, адам укуктарын коргоо болуп саналат. Бирок тергөө судьялары мыйзамдуу укуктарын толук пайдаланбай тергөө органдарынын жеке кызыкчылыгындагы өтүнүчтөрүн, талаптарын канааттандырган инстанцияга айланып бараткандыгы байкалууда", — деген Жапаров.
Ал соттук ишти кароо мөөнөтү бузулуп, соттордун чечимдери чабал аткарылып жатканына да токтолгон. Мындан улам мамлекет башчы айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн соттордун ишмердүүлүгүн баалаган институтту ишке киргизүү керектигин белгилеген.
"Ар бир соттун иши объективдүү жана ачык-айкын бааланса, аларга карата сый же жаза чаралары акыйкаттуу колдонулат", — деген президент.
Жапаров көйгөйлөрдү чечүүдө Жогорку соттун ролу да өтө маанилүү экенин кошумчалады.