Сочиде Путин менен Эрдоган жолукту. Президенттердин негизги билдирүүсү

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык, соода алакасы өз нугунда жүрүп жатканын белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Сочиде Россия лидери Владимир Путин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүп жатат.
Анын алдында тараптар бири-бири менен учурашып, билдирүүлөрдү жасашты. Анын негизги учурларын тизмектейбиз.

Путин эмне деди:

"Түрк агымы" - Европаны россиялык газ менен камсыздаган маанилүү артериянын бири. Европалык өнөктөштөр алардын рыногуна Россия газынын транзитин үзгүлтүккө учуратпай камсыздап жатканы үчүн Түркияга рахмат айтышы керек.
Түркиянын өзүнүн керектөөсү үчүн мунай, газ, көмүр жана башка товарлардын баары ири көлөмдө кынтыксыз жөнөтүлүп жатат.
Путин Эрдоганга украин данын чыгаруу маселесин чечүүгө жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүн РФ менен Түркиянын ортосунда соода-экономикалык байланышты өнүктүрүү жөнүндө меморандумга кол коюларына үмүт артты.

Эрдоган эмне деди

Сүйлөшүүдө түрк-россия мамилелеринин жаңы барагы ачылат. Бул энергетика, Кара деңиз аркылуу “дан коридору”, туризм, транспорт жана регионалдык кызматташтыкка тиешелүү.
“Аккую" атомдук электр станциясынын энергетикалык сферада чоң орду бар. Долбоор боюнча иштер планга ылайык жүргүзүлүшү маанилүү. Түркиянын энергетиканы керектөөсүнүн 10 пайызы аталган атомдук электр станциясы тарабынан камсыздалат.
Андан соң президенттер жабык эшик артында сүйлөшүүгө кирип кетишти. Анда Сирия менен Украинадагы кырдаал да талкууланары айтылды.
Эрдоган Батыш саясатчыларынын Путинге жасаган мамилесин сынга алды