Нарындан чыккан 10 азыкка бренд ыйгарылды, эми дүкөндөрдө сатыла баштайт

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов бардык азыктардын таңгагына QR-код киргизүүнү сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Нарын облусунун аймагында өндүрүлгөн 10 азык-түлүккө "Нарын бренд" макамы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 4

Нарын облусунун аймагында өндүрүлгөн 10 азык-түлүккө "Нарын бренд" макамы ыйгарылды

2 / 4

Эми бул азыктарды "Бир айыл, бир продукт" долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы дүкөндөрдө сатууга болот

3 / 4

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов бардык азыктардын таңгагына QR-код киргизүү, башкача айтканда, азык-түлүктүн ден соолукка пайдалуулугу, органикалык заттардан жасалганы, экологиялык тазалыгы тууралуу кеңири маалымат кошуу сунушун киргизди

4 / 4

Ал ошондой эле сертификат берилген азык-түлүктөрдүн көлөмүн көбөйтүү, талапка ылайык таңгактап чыгаруу иштеринде "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан колдоо көрсөтүлөрүн айтты.

Маалыматка ылайык, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө "Нарын бренд" комитетинин үчүнчү отуруму өткөн. Ага облус башчысы Алтынбек Эргешов, Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана экономикалык анализдөө бөлүмүнүн башчысы Бермет Каниметова, Япония эл аралык кызматташуу агенттигинин өкүлдөрү Танака Хироюки, Акихиса Харагучи, Хигашино Хидеаки жана башкалар катышты.
Отурумда Нарында өндүрүлгөн төмөнкү 10 азыкка баа берилди:
сүзмө;
талкан;
сары май;
муги (арпа) чай;
өрмөк кармагыч;
Таш-Рабат печеньеси;
бал;
малдын (койдун, уйдун, жылкынын, топоздун) майы;
жыпар жыттуу чөптөр (ромашка, тимьян, жалбыз);
майлар жана чучук.
Натыйжада 10 азык тең сынактан өтүп "Нарын бренди" макамына ээ болду. Эми бул азыктарды "Бир айыл, бир продукт" долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы дүкөндөрдө сатууга болот.
Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов бардык азыктардын таңгагына QR-код киргизүү, башкача айтканда, азык-түлүктүн ден соолукка пайдалуулугу, органикалык заттардан жасалганы, экологиялык тазалыгы тууралуу кеңири маалымат кошуу сунушун киргизди.
Ал ошондой эле сертификат берилген азык-түлүктөрдүн көлөмүн көбөйтүү, талапка ылайык таңгактап чыгаруу иштеринде "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан колдоо көрсөтүлөрүн айтты. Нарындагы балчылар ассоциациясы менен сүйлөшүп, бардык бал өндүрүүчүлөрдүн балын бирдей тариф менен алып кайра иштетип, таңгактап чыгара турган ишкана ачыларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, "Нарын бренд" комитети Япония эл аралык кызматташуу агенттигинин (JIKA) "Бир айыл, бир продукт" долбоорунун алкагында Нарын облусунун жетекчисинин буйругу менен 2018-жылдын 1-мартынан бери иштей баштаган. Буга чейин комитеттин эки отуруму өткөрүлүп, биринчи отурумда беш, экинчи отурумда беш продукция "Нарын бренди" наамына ээ болгон.
Нарында "Инвест кеңеш" уюму түзүлдү. Максаты